# КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2311/edition/1120120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111493

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 22-декабры № 212 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111493/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 319-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда, сатуудан салык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай формада:

а) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) накталай эмес формада - 0 пайыз өлчөмүндө.";

2) 362-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:

1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:

а) 4 пайыз - накталай формада;

б) 2 пайыз - накталай эмес формада;

2) иштин калган түрлөрү үчүн:

а) 6 пайыз - накталай формада;

б) 3 пайыз - накталай эмес формада.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111493/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
