1-берене
Күчүндө · 28.02.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 97-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 98-статьянын 1-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органга юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес."; пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кабарлоону алып, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү.".
Берененин тексти 28.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111488/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>