# КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2306/edition/1237699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111488

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 16-декабры № 208 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111488/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 97-статьянын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 98-статьянын 1-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органга юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес."; пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кабарлоону алып, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда каралган мамлекеттик органдарга билдирүүгө милдеттүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111488/st-2)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111488/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
