# 776-статья. Нак акчалуу жана нак акчасыз эсептешүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 776-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-776

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр нак акчалуу жана нак акчасыз тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырган жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр эреже катары, нак акчасыз тартипте жүргүзүлөт.

3. Нак акчасыз эсептешүүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасы менен шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [7752-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7752)  
Кийинки берене: [777-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-777)
