# 759-статья. Сактык (депозиттик) сертификат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-759.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 759-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-759

---

1. Сактык (депозиттик) сертификат банкка салынган салымдын суммасын жана белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин салымдын суммасын жана сертификатта шартталган проценттерди сертификатты берген банктан же анын кайсы болбосун филиалынан алууга карата салым салуучунун (сертификатты кармоочунун) укугун ырастаган баалуу кагаз болуп саналат.

2. Сактык (депозиттик) сертификаттар энчилүү болуп саналат.

3. Сактык (депозиттик) сертификатты төлөмгө мөөнөтүнөн мурда көрсөткөн учурда, банк тарабынан салымдын суммасы жана, эгерде сертификаттын шарттарында проценттердин башка өлчөмү белгиленбесе, талап кылууга чейинки салымдар боюнча проценттер төлөнүп берилет.";

10) 760-статьянын 1-пунктунда "же башка кредиттик мекеме (мындан ары - банк)" деген сөздөр ", белгиленген тартипте берилген лицензияга ылайык тийиштүү укук берилген банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 762-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "банктык мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 763-статьянын 1-пунктунда "мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 764-статьяда "мыйзамда, аларга ылайык чыгарылган банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 766-статьянын 2-пунктундагы "заем жана" деген сөздөр алып салынсын;

15) 775-статьяда:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында же банктык эсептин келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болгон же келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде акча каражаттары болбогон же эсеп боюнча кардардын тескемеси менен операциялар жүргүзүлбөгөн, ошондой эле мыйзамда каралган учурда, банк кардарды бир календардык ай мурда кабарландыруу менен банктык эсеп келишимин бир тараптуу тартипте буза алат.";

б) 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Банк кардарга акча каражаттарынын калдыгын алуунун зарылдыгы тууралуу анын белгилүү акыркы дареги боюнча билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттарынын калдыгы системалык эсепте сакталат.";

16) 37-глава төмөнкүдөй мазмундагы 7751-статья менен толукталсын:

"7751-статья. Банктардын корреспонденттик жана башка эсептери Ушул главанын нормалары, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса, банктардын корреспонденттик жана башка эсептерине карата колдонулат.";

17) 38-главада:

а) § 1 төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"§ 1. Жалпы жоболор

---

Мурунку берене: [758-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-758)  
Кийинки берене: [7752-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7752)
