# 7541-статья. Салым боюнча проценттерди чегерүүнүн жана төлөөнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7541-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7541

---

1. Банктык салымдын суммасына проценттер салым банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып салым аны салуучуга кайтарылган же болбосо салым башка негиздер боюнча аны салуучунун эсебинен алып салынган күндөн мурунку күнгө чейин чегерилет.

2. Банктык салымдын суммасына проценттер салым салуучунун талап кылуусу боюнча ага ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, салымдын проценттер чегерилүүчү суммасына кошулат.

Салымды кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек проценттер төлөнүп берилет.

---

Мурунку берене: [754-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-754)  
Кийинки берене: [755-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-755)
