# 754-статья. Салымга проценттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 754-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-754

---

1. Банк салым салуучуга салымдын суммасына проценттерди банктык салым келишиминде аныкталуучу өлчөмдө төлөп берет.

2. Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк талап кылууга чейинки салымдарга проценттердин өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.

Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк проценттердин өлчөмүн азайткан учурда проценттердин жаңы өлчөмү проценттердин азайганы тууралуу салым салуучуларга билдирилгенге чейин салынган салымдарга карата, тиешелүү билдирүү учурунан отуз күн өткөндөн кийин колдонулат.

3. Келишимде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин же болбосо келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда берүү шарттарында салынган салым боюнча проценттердин банктык салым келишиминде аныкталган өлчөмүн банк бир тараптуу азайтышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [7531-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7531)  
Кийинки берене: [7541-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7541)
