753-статья. Салымдардын түрлөрү
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Банктык салым келишими төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн:
1) талап кылууга чейинки банктык салым келишими;
2) мөөнөттүү банктык салым келишими;
3) кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими.
2. Талап кылууга чейинки банктык салым келишими деп банк салымды салым салуучунун алгачкы талабы боюнча кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.
Келишимдин салымды алгачкы талап боюнча алуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү шарты жараксыз болот.
3. Мөөнөттүү банктык салым келишими деп банк салымды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.
4. Кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими деп банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (учурлар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) салымды кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.
5. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө же болбосо кайтарып алуунун башка шарттарындагы салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, келишим талап кылууга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
753-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-753" title="753-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>