750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган банктарда банктык салымдарды коргоонун системасына катышуучу банктарга гана, Улуттук банк белгилеген чектөөлөрдү эсепке алуу менен таандык болот. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот. Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.
2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат.
3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат:
1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда;
2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
750-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-750" title="750-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>