# 7387-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7387-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7387

---

1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайдадагы үлүштүк проценттик катышка жараша бөлүштүрүлөт.

2. Мудараба келишимин аткаруунун жүрүшүндө чыгаша чыккан учурда, инвестор мударибге берген акча каражаттарынын суммасынын өлчөмүндө чыгаша тартат, ал эми мудариб мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн сыйакы албайт. Чыгашаларды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси чыгаша мударибдин күнөөсү боюнча келип чыкпаган учурда колдонулат.

3. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укук ченемсиз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында чыгаша келип чыккан учурда инвестордун чыгашасы мударибдин эсебинен төлөнөт. Мында инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражаттарын мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен, ал жетишсиз болсо - мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7386)  
Кийинки берене: [7388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7388)
