7387-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайдадагы үлүштүк проценттик катышка жараша бөлүштүрүлөт.
2. Мудараба келишимин аткаруунун жүрүшүндө чыгаша чыккан учурда, инвестор мударибге берген акча каражаттарынын суммасынын өлчөмүндө чыгаша тартат, ал эми мудариб мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн сыйакы албайт. Чыгашаларды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси чыгаша мударибдин күнөөсү боюнча келип чыкпаган учурда колдонулат.
3. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укук ченемсиз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында чыгаша келип чыккан учурда инвестордун чыгашасы мударибдин эсебинен төлөнөт. Мында инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражаттарын мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен, ал жетишсиз болсо - мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7387-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7387" title="7387-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>