# 73857-статья. Кепилденген сактоо келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73857-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73857

---

1. Кепилденген сактоо келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда алуу максатында тескейт.

2. Кепилденген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү банк салымдар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу жүргүзөт.

3. Кепилденген сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан банк өз ыктыяры боюнча кардарга сый акы (хиба) төлөшү мүмкүн.

4. Банк кардарга берилүүчү сый акыларды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу.

5. Банк кардарга сый акыны акчалай да, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада да төлөөгө укуктуу.".

9) 36-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36-глава. Банктык салым

---

Мурунку берене: [73856-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73856)  
Кийинки берене: [749-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-749)
