73855-статья. Салам келишими боюнча чектөөлөр
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Товарларды жеткирүүнү кечиктиргендик үчүн финансылык санкциялар каралган эскертмелерди салам келишимине кошууга жол берилбейт.
2. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмесин аткаруу жана товарларды жеткирүү үчүн сатуучу ушул салам келишиминде каралгандай өзүнчөлөнүштөгү товарларды сатып алууга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө укуктуу.
3. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, сыпаттамасы биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу болжолдонгон товарлардын сыпаттамасына туура келген товарларды сатуу максатында, сатып алуучу үчүнчү жак менен өзүнчө жарыш салам келишимин түзүүгө укуктуу.
4. Тараптарга салам келишими боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге байланыштырууга жол берилбейт.
Эки салам келишими боюнча милдеттенмелер жана укуктар өз-өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда башка тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыянды же чыгашаларды биринчи тарап жарыш салам келишимин түзгөн тарапка байланыштырууга укугу жок.
5. Салам келишиминен келип чыгуучу карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.
§ 10. Ишенилген (вади'айад амана) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдери
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73855-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73855" title="73855-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>