# 73854-статья. Салам келишимин өзгөртүү жана бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73854-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73854

---

1. Сатуучу өз милдеттенмесин аткара албаган же белгиленген күндө сатуучуда товардын баары же бөлүгү бар болбосо, сатып алуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) товарды берүүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана товарды берүүнүн башка датасын белгилөөгө;

2) салам келишимин бузууга жана төлөнгөн каражаттарды жана үстөк төлөмдү өндүрүп алууга. Үстөк төлөм боюнча суммалар сатып алуучунун кирешеси катары чегерилиши мүмкүн эмес жана кайрымдуулук максаттарына багытталууга жатат.

2. Тараптар товарды башка товарга алмаштырууну макулдашууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [73853-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73853)  
Кийинки берене: [73855-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73855)
