# 73853-статья. Салам келишими боюнча беримдер (поставкалар)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73853-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73853

---

1. Салам келишиминде беримдин мөөнөтү, ыкмасы жана орду аныкталат.

2. Сатуучу белгиленген күндө, салам келишиминин шарттарына жараша, товардын сүйлөшүлгөн өзүнчөлөнүштөрүнө ылайык жана сүйлөшүлгөн санда сатып алуучуга жеткирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, эгерде товар келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда жеткирилиши мүмкүн.

4. Эгерде сатуучу келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товарга караганда жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана жогорку сапат үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул эреже салам келишиминде каралган товардык сыпаттама (кыйла төмөн сапаттык өзүнчөлөнүштөр менен) олуттуу шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.

5. Эгерде жеткирилген товардын сапаты келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товардыкына караганда төмөн болсо, сатып алуучу бул товардан баш тартууга же болбосо аны ошол абалында кабыл алууга укуктуу. Товар кабыл алынган учурда тараптар мындай товарды баасын төмөндөтүү менен кабыл алуу тууралуу келишимге келе алат.

---

Мурунку берене: [73852-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73852)  
Кийинки берене: [73854-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73854)
