# 73850-статья. Салам келишиминин предмети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73850>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73850.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73850-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73850

---

1. Чет өлкөлүк валюталарды, баалуу металлдарды (алтын, күмүш ж.б.) кошпогондо, таразага тартууга, ченөөгө же эсептөөгө боло турган товарлар жана башка мүлк салам келишиминин предмети боло алат.

2. Товарлар кайсы бир бүдөмүктүктү четке каккан өзүнчөлөнүштү түзүүгө мүмкүндүк берген түрдө болушу керек, алардын өзүнчөлөнүшкө туура келиши үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт.

3. Товарлар кабыл алынган практикага жана эксперттердин корутундуларына ылайык конкреттүү аныкталууга тийиш.

4. Келишим түзүлүп жатканда товарлар бар болууга тийиш.

5. Карызды салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [73849-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73849)  
Кийинки берене: [73851-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73851)
