# 7385-статья. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7385>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7385.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7385-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7385

---

1. Мудараба келишими боюнча мудариб бардык отчетторду жана инвестор үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды инвесторго берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алына турган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүүгө милдеттүү болот.

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражаттарын мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укуктуу.

3. Мудариб инвестордон алган капиталды мудараба келишимине ылайык пайда алуу максатында башкарууга жана сый акы алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7384-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7384)  
Кийинки берене: [7386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7386)
