# 73849-статья. Салам келишими боюнча жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73849-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73849

---

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте, шартталган мөөнөттө башка тарапка товарды берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишими түзүү учурунда бул товарды төлөөгө жана аны келечекте кабыл алууга милдеттенет. Бул бүтүмдө баа капитал катары каралат.

2. Жарыш салам келишими - бул, өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу катары чыгат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгондо төлөмдү жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырыкчы менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн ошол эле товарды, ошондой эле санда жана ошол эле датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка тапшырыкчыга сатат.

3. Ушул параграфтын жоболору жарыш салам келишимине карата да колдонулат.

---

Мурунку берене: [73848-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73848)  
Кийинки берене: [73850-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73850)
