# 73846-статья. Мүлктү күрөөгө коюу кепилдиктин ыкмасы катары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73846>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73846.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73846-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73846

---

1. Мүлктү күрөөгө коюу милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги болуп саналат. Күрөө коюучунун менчигинде турган мүлк күрөө боло алат, эгерде тараптар ортосундагы келишимде башкача каралбаса, күрөө коюучу аны тескөөгө укуктуу болот. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары, күрөөгө коюлган актив кредит берүүчүнүн ээлигинде турбаса да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы кредит берүүчүнүн алуусу үчүн (эгерде карызкор карызын төлөй албаса же карызды төлөөдөн баш тартса), күрөөгө коюлган мүлктү сотко кайрылуусуз эле сатууга кредит берүүчүнүн укугу күрөө жөнүндө келишимде каралышы мүмкүн.

3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу ажыратууга жол берилбейт. Күрөө коюучунун же күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу күрөө келишимин ажыратуу үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Мүлк буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу кийинки күрөө кармоочуну талаптагыдай кабардар кылуу шартында, бир эле мүлк бирден көп милдеттенмени камсыздоо үчүн күрөө катары берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73845-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73845)  
Кийинки берене: [73847-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73847)
