Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
73846-статья. Мүлктү күрөөгө коюу кепилдиктин ыкмасы катары
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мүлктү күрөөгө коюу милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги болуп саналат. Күрөө коюучунун менчигинде турган мүлк күрөө боло алат, эгерде тараптар ортосундагы келишимде башкача каралбаса, күрөө коюучу аны тескөөгө укуктуу болот. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары, күрөөгө коюлган актив кредит берүүчүнүн ээлигинде турбаса да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы кредит берүүчүнүн алуусу үчүн (эгерде карызкор карызын төлөй албаса же карызды төлөөдөн баш тартса), күрөөгө коюлган мүлктү сотко кайрылуусуз эле сатууга кредит берүүчүнүн укугу күрөө жөнүндө келишимде каралышы мүмкүн.
3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу ажыратууга жол берилбейт. Күрөө коюучунун же күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу күрөө келишимин ажыратуу үчүн негиз болуп саналбайт.
4. Мүлк буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу кийинки күрөө кармоочуну талаптагыдай кабардар кылуу шартында, бир эле мүлк бирден көп милдеттенмени камсыздоо үчүн күрөө катары берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73846" title="73846-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>