# 73841-статья. Кепилдик жөнүндө келишимдин жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73841-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73841

---

1. Кепилдик жөнүндө келишим (милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө бүтүмдөр) боюнча бир тарап башка тараптын алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча кепил катары чыгат. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле убакта бир нече ыкма менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Төлөөгө жарамдуулугуна шек жаратпаган кынтыксыз аброю бар кайсы болбосун жеке же юридикалык жак кепил катары чыга алат.

Банк кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдикти кардардын негизги карызды банкка төлөп беришинин шарты менен берүүгө укуктуу. Банк тендерге катышууга кепилдиктерди берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [73840-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73840)  
Кийинки берене: [73842-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73842)
