# 73840-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин предметин тапшыруунун жана кабыл алуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73840-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73840

---

1. Истиснаа келишими боюнча мүлк мөөнөтүндө даярдалууга жана келишимде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Даярдалган жана жеткирилген мүлк даярдоочу тарабынан тапшырылышы керек, ал эми тапшырыкчы аны кабыл алууга милдеттүү.

Эгерде истиснаа келишиминин предметинин абалы келишимде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, тапшырыкчы аны кабыл алуудан баш тартууга же бааны өзгөртүү мүмкүндүгү менен аны кабыл алууга укуктуу, бул болсо истиснаа келишими канааттандырарлык түрдө аткарылгандыгын билдирет.

2. Тапшырыкчы даярдалган мүлктөн негизсиз түрдө баш тарткан учурда бул мүлк өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана өндүрүүчү мындай учурда, эгерде истиснаа келишиминин предметине тийиштүү чыгашалар жана зыяндар өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилесинин же укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасы болуп саналбаса, өндүрүүчү мындай чыгашалар жана зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Тапшырыкчы истиснаа келишиминин предметинин сакталышы боюнча чыгымдарды тартат.

3. Истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөрүлүп берилген учурдан тартып аны берүү жүзөгө ашырылды деп эсептелет. Истиснаа келишиминин предмети сатып алуучуга өткөрүлүп берилген учурдан тартып, өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилеси же укук ченемсиз аракеттери болгондугун далилдөөсүз эле, истиснаа келишиминин предмети кийин дуушар болуучу кайсы болбосун чыгашаларга же зыян тартууларга сатып алуучу жоопкерчилик тартат.

§ 8. Кепилдик жөнүндө келишим

---

Мурунку берене: [73839-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73839)  
Кийинки берене: [73841-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73841)
