# 7384-статья. Мудараба келишими боюнча инвестордун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7384-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7384

---

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына ылайык аракет жүргүзүүгө, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражаттарын мударибге берүүгө, өзү берген акча каражаттарынын пайдаланылышын жана мудараба келишиминин башка шарттарынын сакталышын контролдоого, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарылган учурда инвестор мудараба келишими боюнча берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, анын ичинде мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн.

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин учурдук иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [7383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7383)  
Кийинки берене: [7385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7385)
