# 73838-статья. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73838-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73838

---

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.

Истиснаа келишиминин предметинин баасы ушул келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун негизинде же келишимде каралган мөөнөттүн ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо, эгерде келишимдин предметин берүү этап менен жүргүзүлсө, сумманын бөлүгү токтоосуз төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүгү берүүнүн же жумуштарды аткаруунун этаптарына жараша бөлүп төлөнөт.

3. Төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн төлөм алууга тыюу салынат. Истиснаа келишиминде каралбаса да, алдын ала төлөм үчүн жеңилдик берүүгө жол коюлат.

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгымдарды тапшырыкчы тартат.

---

Мурунку берене: [738-37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-738-37)  
Кийинки берене: [73839-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73839)
