73838-статья. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.
Истиснаа келишиминин предметинин баасы ушул келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.
2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун негизинде же келишимде каралган мөөнөттүн ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо, эгерде келишимдин предметин берүү этап менен жүргүзүлсө, сумманын бөлүгү токтоосуз төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүгү берүүнүн же жумуштарды аткаруунун этаптарына жараша бөлүп төлөнөт.
3. Төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн төлөм алууга тыюу салынат. Истиснаа келишиминде каралбаса да, алдын ала төлөм үчүн жеңилдик берүүгө жол коюлат.
4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгымдарды тапшырыкчы тартат.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73838-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73838" title="73838-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>