# 73835-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73835-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73835

---

1. Истиснаа келишими боюнча, тапшырыктын (долбоордун) негизинде өндүрүүчү жасаган же курулуш подрядчиктери курган мүлк жумуш бүткөрүлгөндөн кийин, мурда сүйлөшүлгөн баада тапшырыкчыга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, өндүрүүчү тапшырыкты макулдашылган баада сатууга макул болгон шартта, тапшырыкчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөлөрү бар жана өндүрүүчү шартталган өзүнчөлөнтүш боюнча аткарууга макул болгон жаңы товарды же курулманы даярдоо саналат.

3. Жарыш истиснаа келишими эки өзүнчө истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат, тапшырыкчы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзө алат, экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн тапшырыкчыга карата конкреттүү милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчиги менен башка келишимди түзө алат.

---

Мурунку берене: [73834-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73834)  
Кийинки берене: [73836-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73836)
