Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73831-статья. Иджара келишими боюнча эсептешүүлөр (төлөмдөр)
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Иджара келишими боюнча ижара төлөмү милдеттүү болуп саналат жана ижарага берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга карата укугу ижарачы иджара келишиминин предметин ижарага алуудан пайда ала баштаган учурдан тартып же ижарага берүүчү иджара келишиминин предметинен пайда алуу укугу менен ижарачыны камсыз кылган учурдан тартып башталат.
2. Ижара төлөмү кандайдыр бир өзгөртүүлөргө жаткан учурда, иджара келишими колдонула баштаган алгачкы мезгилге ижара төлөмүнүн суммасын кароо зарыл. Кийинки мезгилдерге ижара төлөмүн белгилүү бир салыштыруу базасына ылайык аныктоого жол берилет. Калган мезгилдерге карата ижара төлөмүнүн өлчөмү үчүн аныктоочу фактор болуп саналуучу так тартип мындай салыштыруу базасынын негизинде турушу керек.
3. Эгерде ижарага берүүчү иджара келишиминде каралган мөөнөттө мүлктү ижарачыга бербесе, келишим күчүнө кирген күндүн жана мүлк ижарачыга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндүн аралыгындагы мезгил үчүн ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде тараптар иджара келишиминин мөөнөтү бүткөн алгачкы күндөн кийин, ижара мөөнөтүн мүлк берилбеген мезгилге эквиваленттүү болгон мезгилге узартуу тууралуу келишимге жетишпесе, ижара төлөмү тийиштүү түрдө кыскартылат.
4. Ижара төлөмү акча каражаттары, натуралай (товар менен) же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм катары же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашкан же ага жетпеген мезгил ичинде бөлүп төлөө менен ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү тараптардын макулдашуусу боюнча так аныкталган суммада же өзгөрүлмө суммада болушу мүмкүн.
5. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижарага берүүчүгө төлөнүшү, башка бөлүгү ижарага берүүчү тарабынан бекитилген, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун наркы дагы ушул сыяктуу чыгымдарды жабууга багытталышы мүмкүн.
6. Тараптар ижара акысынын өлчөмүн ижараны келерки мезгилдерге, башкача айтканда ижарачы ижарадан кандайдыр бир пайда ала элек мезгилдерге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.
7. Мурдагы кайсы бир мезгилдер үчүн төлөнбөгөн ижара төлөмү ижарачы ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө тийиш карыз болуп саналат. Карыздын өлчөмү көбөйтүлбөйт.
8. Ижарачы берген кепилденген камсыз кылууну алуу укугун жоготкон учурда ижарага алуучу мындай суммалардан, ижарачынын ижарага алынган менчиктен пайда ала элек мезгилдер үчүн төлөө милдеттүүлүгү баштала элек төлөмдөрдү кошо алгандагы бөлүп төлөнүүчү ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгилдер үчүн ижара төлөмү катары ага төлөнүүгө тиешелүү болгон сумманы гана эсептен чыгарат. Ижарага берүүчү кепилдик камсыз кылуунун суммасынан ижарачы иджара келишимин бузгандыгы үчүн төлөөгө тийиш болгон бардык мыйзамдуу компенсацияларды да эсептен чыгарышы мүмкүн.
9. Ижарага берүүчү, төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ижарачыга алдын ала маалымдаган шартта, ижара төлөмдөрүн кезектеги төлөө негизсиз кечиктирилген учурда ижара төлөмүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кылууга укуктуу. Бирок, бул жагдай ижара төлөмүнүн өлчөмүн көбөйтүүгө негиз болушу мүмкүн эмес.
10. Иджара келишиминде иджара келишими боюнча төлөмдү төлөөнү негизсиз кечиктиргендиги үчүн ижарачыга финансылык санкция салуу каралышы мүмкүн.
Ижарага берүүчү төлөнгөн финансылык санкцияларды киреше катары өз эсебине чегериши мүмкүн эмес, алар кайрымдуулук максаттарына багытталууга жатат.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73831" title="73831-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>