# 73828-статья. Иджара келишими боюнча тараптардын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73828-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73828

---

1. Эгерде иджара келишими боюнча башкача каралбаса, ижарага берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча сатып алган мүлктүн кайсы болбосун мүчүлүштүктөрү үчүн жоопкерчилик ижара берүүчүгө жүктөлөт.

2. Ижарачы анын өз аракеттеринин натыйжасында же болбосо иджара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасир этүүчү, анын контролдугунан тышкары турган кандайдыр бир жагдайлардын таасиринин натыйжасында ушул ижарага алынган мүлктүн кайсы болбосун начарлоосу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Эгерде ижарага алынган мүлктөн пайда ижарага алуу учурунда ижарачынын укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасында толугу менен же бөлүгүндө азайса, ижарачы ижарага берүүчүнүн пайда алышына тоскоолдуктарды жоюуга милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарага берүүчү ижарага алынган мүлктөн пайда ала албай калган мөөнөткө узартылат, ал эми ижарачы пайда алынбаган мезгил ичинде ижарадан баш тарта албайт.

4. Эгерде иджара келишиминде башкача каралбаса, ижарага берүүчү жак мүлктү негизги техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат, ал эми ижарачы учурдук же мезгилдүү (адаттагы) техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат.

5. Ижарачы өзүнүн күнөөсү боюнча мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [73827-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73827)  
Кийинки берене: [73829-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73829)
