Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73826-статья. Иджара келишиминин тараптары
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Иджара келишиминин тараптары катары ижарачы, ижарага берүүчү жана сатуучу чыгат.
2. Иджара келишимине ылайык, бул келишимдин предметин белгилүү бир төлөмдү төлөө менен белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга алууга милдеттүү болгон жеке же юридикалык жак ижарачы боло алат.
Өздүк жана (же) карыздык каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине сатып алган жана аны келишимдин предметине карата менчик укугун өткөрүү менен же өткөрбөстөн иджара келишиминин предмети катары ижарачыга белгилүү бир төлөм менен белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берген жеке же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензиясы бар банк) ижарага берүүчү боло алат. Сатуучу - бул, ижарага берүүчү менен түзүлүүчү сатуу-сатып алуу келишимине ылайык, ижара берүүчүгө иджара келишиминин предмети болуп саналган мүлктү белгиленген мөөнөттө сата турган жеке же юридикалык жак. Сатуучу бир иджара келишиминин чегинде бир эле убакта ижарачы катары да чыгышы мүмкүн.
3. Иджара келишими ар бир ижарачынын укуктарына доо кетирбөө шартында, белгилүү бир жак үчүн кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, кайсы бир мүлккө жана аны ижарага алуу мезгилине карата бирдей эле пайда алуу укугуна ээ болгон бир нече ижарачы менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ар бир ижарачы ижарачылардын ортосундагы келишимге ылайык ага бөлүнүп берилген мезгил ичинде мүлктөн түшкөн пайдага ээ болушу мүмкүн.
4. Ижарага берүүчү өзүнчөлүштө (спецификацияда) сыпатталган мүлктү ижарачынын табыштамасына ылайык сатып алышы же даярдашы мүмкүн. Ижарачы өзүнчөлөнүшкө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73826" title="73826-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>