# 73825-статья. Иджара келишиминин предмети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73825-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73825

---

1. Кайсы болбосун кыймылдуу же кыймылсыз мүлк иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн.

2. Иджара келишиминин предмети аны сактап туруу шартында пайдаланылууга тийиш, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда мыйзамдарга жана Шариат талаптарына ылайык келиши керек.

3. Ижарачы менен бирге кармап турган айрым активдердеги үлүш, ижарачынын ижара берүүчүгө өнөктөш экендигине же өнөктөш эместигине карабастан иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алган үлүштөн ижарага берүүчү колдонгон ык менен, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү жолу же менчиктин кайсы бир бөлүгүн аныктоо жолу менен пайда көрүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73824-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73824)  
Кийинки берене: [73826-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73826)
