# 73824-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73824-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73824

---

1. Иджара келишими - бул, ижарага берүүчүнүн жабдууну же башка мүлктү менчикке атайылап сатып алуусу жана макулдашылган мөөнөткө аны убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн ижарачыга мүлктүк жалдоого (ижарага) берүүсү боюнча келишим, мындай берүү акы төлөө негизинде, түзүлгөн иджара келишимине ылайык (сатып алуусуз) же иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык (сатып алуу менен) сатып алуу укугу менен же ансыз жүргүзүлөт.

2. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм иджара келишиминин тарабы болсо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында алар үчүн кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

3. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.

---

Мурунку берене: [73823-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73823)  
Кийинки берене: [73825-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73825)
