# 73823-статья. Мушарака келишими боюнча жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73823-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73823

---

1. Мушарака келишими - бул, шарика келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ушул үлүшкө менчик укугу өзүнө толук өткөнгө чейин акырындап сатып алууну убада кылат.

2. Мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же каралбагандыгына карабастан түзүлөт. Аталган келишимдердин бирин башка келишимди түзүү шартында түзүүгө жол берилбейт.

3. Кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону мушарака келишимине киргизүүгө тыюу салынат.

4. Мушарака келишими боюнча мамилелерге карата ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер колдонулат.

§ 5. Иджара келишими

---

Мурунку берене: [73822-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73822)  
Кийинки берене: [73824-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73824)
