# 73822-статья. Шарика келишимин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын иш-аракетин токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73822-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73822

---

1. Тараптар шарика келишимин белгилүү бир мөөнөткө да, мөөнөтүн көрсөтүүсүз да түзүшү мүмкүн же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартта) шарика келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.

Ошондой эле, шарика келишими өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлган учурда токтотулат.

2. Ар бир өнөктөш шарика келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу. Өнөктөштөрдүн биринин чыгып кетиши, эгерде калган өнөктөштөрдүн саны эки же андан көптү түзсө, калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүн токтотууга алып келбейт.

3. Эгерде шарика келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика келишиминин өнөктөштөрү өнөктөштүктү тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Мындай учурлардын баарында шарика келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калат жана алардын бар болушу сакталат.

4. Шарика келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак шарика келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда өз иш-аракетин токтотот.

5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика келишимин түзүүгө укуктуу.

6. Эгерде жоюу шарика келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, бардык бар активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн киреше төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;

2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;

3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.

§ 4. Мушарака келишими

---

Мурунку берене: [73821-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73821)  
Кийинки берене: [73823-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73823)
