Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73822-статья. Шарика келишимин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын иш-аракетин токтотуу
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Тараптар шарика келишимин белгилүү бир мөөнөткө да, мөөнөтүн көрсөтүүсүз да түзүшү мүмкүн же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартта) шарика келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.
Ошондой эле, шарика келишими өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлган учурда токтотулат.
2. Ар бир өнөктөш шарика келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу. Өнөктөштөрдүн биринин чыгып кетиши, эгерде калган өнөктөштөрдүн саны эки же андан көптү түзсө, калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүн токтотууга алып келбейт.
3. Эгерде шарика келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика келишиминин өнөктөштөрү өнөктөштүктү тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Мындай учурлардын баарында шарика келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калат жана алардын бар болушу сакталат.
4. Шарика келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак шарика келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда өз иш-аракетин токтотот.
5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика келишимин түзүүгө укуктуу.
6. Эгерде жоюу шарика келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, бардык бар активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн киреше төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:
1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;
2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;
3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.
§ 4. Мушарака келишими
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73822" title="73822-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>