73820-статья. Өнөктөштүктөгү үлүштү өзгөртүү
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Өнөктөштөр шарика келишиминде пайданы бөлүштүрүү датасына карата аны бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүүнүн мүмкүндүгүн кароого же пайданы бөлүштүрүү күнүндө өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун кароого укуктуу.
2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгашаларын ыктыярдуу түрдө өзүнө алууга укугу жок. Бирок, башка өнөктөштөрдүн чыгаша келип чыккан учурда ал үчүн жоопкерчиликти эч кандай алдын ала шарттарсыз ыктыярдуу түрдө өзүнө алуу укугу шарика келишиминде каралышы мүмкүн.
3. Пайданын туруктуулугуна же туруктуу эместигине карабастан, өнөктөштөр аны бөлүштүрүүнүн методун пайдалануу тууралуу жобону шарика келишиминде кароого укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кайсы бир методун колдонуу пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучуну пайдага катышуудан чыгарууга алып келбөөгө тийиш. Пайда бөлүштүрүүнүн мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон кайсы болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.
4. Шарика келишиминин катышуучуларынын салымдар үлүшүн өзгөртүү пайда бөлүштүрүүнүн жана чыгашалардын өлчөмүнүн ар бир өнөктөшкө тийиштүү боло турган коэффициентин алардын өнөктөштүк капиталындагы салымынын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен өзгөртүүгө алып келет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73820-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73820" title="73820-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>