# 7382-статья. Мудараба келишиминин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7382-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7382

---

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объекти үчүн мударибдин жана инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб өзүнө инвестор берген каражаттарды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу;

3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор өзү берген акча каражаттарын мударибден мөөнөтүнөн мурда (алгачкы талап кылуусу боюнча) алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы инвесторго төлөп берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7381)  
Кийинки берене: [7383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7383)
