7382-статья. Мудараба келишиминин түрлөрү
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:
1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объекти үчүн мударибдин жана инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;
2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб өзүнө инвестор берген каражаттарды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу;
3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор өзү берген акча каражаттарын мударибден мөөнөтүнөн мурда (алгачкы талап кылуусу боюнча) алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы инвесторго төлөп берет.
2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7382-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7382" title="7382-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>