# 73818-статья. Капиталды түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73818>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73818.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73818-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73818

---

1. Өнөктөштөр жалпы капиталга өз салымдарын салууну шарика келишиминин шарттарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Өнөктөштөр жалпы капиталга салым катары акча каражаттарын да, башка материалдык жана материалдык эмес активдерди да салууга укуктуу. Оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу боюнча функцияларды аткарууга байланышкан сарптоолор жана эмгектер да салым катары эсепке алынышы мүмкүн.

3. Эгерде жалпы капиталга материалдык активдер (товарлар) салынса, мындай активдердин наркы көз каранды эмес эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш.

4. Капиталга төгүм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болуп калган учурларды кошпогондо, карыздык милдеттенмелерди (дебитордук карыздарды) капиталга төгүм катары салууга жол берилбейт. Мында таза активдердин наркы көз каранды эмес аудиторлор тарабынан ырасталууга тийиш.

5. Шарика келишиминин алкагында юридикалык жакты түзгөндө ар бир өнөктөштүн шарика келишиминин алкагында жана компаниянын кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө, ошондой эле Шариат эрежелерин жана принциптерин кынтыксыз сактоого милдеттенмеси каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [73817-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73817)  
Кийинки берене: [73819-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73819)
