# 73817-статья. Шарика келишимин түзүүгө карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73817.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73817-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73817

---

1. Шарика келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде шарика келишиминин негизинде юридикалык жак түзүлсө, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.

2. Эгерде өнөктөштүк иш-аракетти жүргүзүү максатында тараптар берген финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынса, банк өнөктөш болууга укуктуу. Эгерде шарика келишиминде юридикалык жакты түзүү каралса, анын иш-аракетин жүргүзүүдө Шариат эрежелери жана принциптери сакталышы керек.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк шарика келишиминин тарабы болуп саналса, ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [73816-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73816)  
Кийинки берене: [73818-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73818)
