# 73816-статья. Шарика (өнөктөштүк жөнүндө) келишиминин жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73816-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73816

---

1. Шарика келишими - эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгашаларды ар бир өнөктөш бул компаниянын жалпы капиталындагы өз салымына ылайык тартат.

2. Шарика келишиминин катышуучулары (өнөктөштөр) өздөрүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн өз активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты түзүү менен да, түзбөстөн да иш-аракет жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак түзүлгөн учурда мындай уюм оператордук функцияларга жана процесстерди башкаруу функцияларына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу функцияларын өнөктөштөрдүн бирине жүктөөгө укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт.

---

Мурунку берене: [73815-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73815)  
Кийинки берене: [73817-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73817)
