# 73815-статья. Эсептешүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73815.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73815-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73815

---

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде дайыма төлөнүүчү төгүмдөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардардын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги же төлөөнүн мөөнөтү узартылгандыгы үчүн андан кошумча төлөмдү талап кылууга банктын укугу жок.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш төлөмдөрдүн эсебине аванс төгүүнү кардардан талап кылууга укуктуу.

3. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда ага үстөк төлөмдү төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Үстөк төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби мурабаха келишиминде аныкталат.

Үстөк катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынышы мүмкүн эмес жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына багыттайт.

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирген шартта, банк кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн төлөмдү мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү жүргүзбөсө, ошондой эле, эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу болот:

1) эгерде мурабаха келишиминин предметин бир аздап төлөөнүн эсебинен кардардан акча каражаттары алынган болсо, кардарга бул каражаттарды төлөп берүү менен товарды үчүнчү жактарга сатууга;

2) мурабаха келишиминин предметине төлөм толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын товарга карата менчик укугун тариздебей турууга.

§ 3. Шарика (өнөктөштүк жөнүндө) келишими

---

Мурунку берене: [73814-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73814)  
Кийинки берене: [73816-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73816)
