# 73814-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73814>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73814.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73814-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73814

---

1. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуунун баасы предметти сатып алган баанын жана мурабаха келишиминин тараптары макулдашкан банктын үстөк баасынын суммасы катары аныкталат.

2. Банктын үстөк баасына, мурабаха келишиминин предметин ташууга кеткен чыгымдарды, үчүнчү жакка мыйзамдуу төлөмдөрдү, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик төлөмдөрдү кошуп алганда бул предметти сатып алууга банк жумшаган сарптоолор киргизилет. Мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылган учурда камсыздандыруу боюнча чыгымдар да банктын үстөк баасына киргизилет.

Банктын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө байланышкан чыгымдар жана мурабаха келишиминин предметин сатып өткөрүүгө байланышкан чыгымдар банктын үстөк баасына киргизилбейт.

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн:

1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма;

2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [73813-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73813)  
Кийинки берене: [73815-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73815)
