# 73813-статья. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73813-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73813

---

1. Эгерде мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу тууралуу келишимде башкача белгиленбесе, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир мүчүлүштүктөр үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.

2. Мурабаха келишиминин колдонулушу күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, банктын мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркы менен жабылбай калган чыгымдарын төлөө, анын ичинде кардар койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен, банк мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [73812-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73812)  
Кийинки берене: [73814-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73814)
