# 73812-статья. Мурабаха келишимин камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73812-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73812

---

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди кардардын талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардардан акча каражаттарын күрөөгө коюу же камсыз кылуунун башка түрү жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мурабаха келишиминде башкача каралбаса, күрөө катары берилген акчалай сумманы банктын инвестициялашы мүмкүн эмес.

Күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык, мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.

3. Банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [73811-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73811)  
Кийинки берене: [73813-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73813)
