# 73811-статья. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-73811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 73811-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73811

---

1. Мурабаха келишиминин предметин мурабаха келишими боюнча сатып алуу жагындагы бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төмөнкүдөй жагдайларда бүтүм түзүүгө укуксуз:

1) баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.) жана чет өлкөлүк валюта менен байланышкан, мөөнөтү жылдырылган милдеттенмелер боюнча;

2) активдерди камсыз кылуу болуп дебитордук карыз эсептелген жүгүртмө капитал боюнча;

3) бүтүмдү кайра финансылоодо.

3. Эгерде кардар төлөмдү мурабаха келишиминде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу.

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алган төлөмдөрдү кардарга төлөп берет.

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыз кылынса, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу.

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминдеги башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенмелердин эсебинен сатып алуу милдеттенмеси камтылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [73810-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73810)  
Кийинки берене: [73812-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73812)
