# 7381-статья. Жалпы шарттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7381-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7381

---

1. Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) экинчи тарапка (мударибге - акча каражатты алуучу жеке же юридикалык жакка) акча каражаттарын тараптар белгилеген максаттарда андан ары инвестициялоо үчүн же мударибдин ыктыяры боюнча мудараба келишиминин шарттарына ылайык тараптардын ортосунда пропорциялуу негизде бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу максатында берет.

2. Мудараба келишими акча каражаттарын тартуу (салымдарды тартуу) максатында да, мудараба келишими боюнча тартылган акча каражаттарын жайгаштыруу максатында да колдонулат.

3. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

4. Тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү бар банк мудараба келишиминин тарабы болушу мүмкүн. Мында ал үчүн милдеттүү шарттар жана талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7365)  
Кийинки берене: [7382-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7382)
