# 738-37-статья. Истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-738-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 738-37-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-738-37

---

1. Истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдери жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Истиснаа келишими тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде түзүлөт. Товар берүүчү берилген финансылык документтердин негизинде мүлктүн тапшырыкчысынын төлөөгө жарамдуулугун баалоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Истиснаа келишиминде анын башка тарабы болуп саналган тапшырыкчыга кийин сатуу үчүн истиснаа келишиминин предметин ушул келишимдин тарабынын менчигине сатып алуу каралууга тийиш.

Истиснаа келишиминин предмети сатуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөнгө чейин аны тапшырыкчыга сатууга жол берилбейт. Истиснаа келишиминин тарабы мүлктү тапшырыкчынын табыштамасы боюнча сатып алууда өзүнүн агенти катары катышууга ыйгарым укукту тапшырыкчыга бере алат. Мында агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт.

4. Истиснаа келишиминде келишимдин предметинин баасы, аны берүүнүн датасы жана ыктары, колдонулуучу ресурстар (эгерде келишимде башкача каралбаса, өздүк ресурстар же келишимди түзгөнгө чейин иштеген башка жактар өндүргөн товарларды тартуу менен), ошондой эле башка шарттар көрсөтүлөт.

5. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын келишүүсү боюнча өндүрүш же курулуш үчүн мурда макулдашылган өзүнчөлөнтүшкө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле баасы тийиштүү түрдө коррекциялана турган жана жаңы талаптардын аткарылышы үчүн негизделген тийиштүү убакыт бериле турган шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [73836-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73836)  
Кийинки берене: [73838-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-73838)
