# 7365-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7365-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7365

---

1. Карыз алуучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн.

Улуттук банк банктардын кредиттери боюнча камсыз кылууга карата минималдуу талаптарды белгилейт.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредиттин суммасын кайтарууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаганда, ошондой эле кредит берүүчү жооптуу болбогон жагдайлардан улам камсыз кылуу жоготулганда же анын шарттары начарлаганда, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредит берүүчү карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.";

8) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 341-глава менен толукталсын:

"341-глава. Финансылоонун исламдык принциптерине ылайык финансылоо § 1. Мудараба келишими

---

Мурунку берене: [7364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7364)  
Кийинки берене: [7381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7381)
