7364-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайтарып берүү боюнча милдети
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Карыз алуучу өзү алган кредиттин суммасын кредит берүүчүгө кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.
2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.
3. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7364-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7364" title="7364-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>