# 7363-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2305/edition/1257207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111487/st-7363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 7363-статья (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7363

---

1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек.

2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сыйакы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн өз алдынча аныктайт.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт. Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7362)  
Кийинки берене: [7364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111487/st-7364)
